Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кесиптеши Адахан Мадумаровду жоопко тартуу аракети боюнча үн катты.
Кадырбековдун айтымында, ушуга окшогон аракеттер боло турган болсо, көптөгөн депутаттар өздөрүнүн оюн айткандан кайтып калат.
"Мунун өзү өтө өкүнүчтүү. Анткени ушуга окшогон аракеттер боло турган болсо, көптөгөн депутаттар өздөрүнүн оюн айткандан кайтып калат. Таза, так позициясынан тартынып калат. Анткени канчалаган адамдардын бизнеси бар, канча адамдар бар кайсы бир деңгээлде туугандары иштеп жаткан. Ошолор үчүн бул аябай чоң сигнал да.
Мен бул киши эмне кылмыш кылганын билбейм. Мурда бир жолу ушундай болгон, бирок анда парламент макулдук берген эмес. Азыркысы боюнча 1-2 беренени айтты аны карап чыгышыбыз керек. Бирок ушундай фактынын болгону өтө өкүнүчтүү. Комиссия түзүлдү, алар карайт, ошонун негизинде биз дагы карайбыз. Бул парламентаризмдин табиятына туура келбей турган окуя болуп жатат", - деди Кадырбеков.
Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Башкы прокуратура Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуш киргизгендигин билдирген.
Андан кийин бул боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.