Кечээ, 31-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” III Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Ири масштабдагы салтанаттуу иш-чарага Индия, Казакстан, Монголия, Санкт-Петербург, Тыва Республикасы, Башкортостан Республикасы, Саха Республикасынан келген өкүлдөр жана Кыргызстандын 7 облусунан келген I Дельфий ачык оюндарынын жеңүүчүлөрү катышты.
Фестивалдын катышуучулары концерттик программа уюштурду.
Эске салсак, фестивалдын алкагында республикабыздын жана борбор калаанын конокторунун фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин концерти, мектептерде чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар, илимий-практикалык конференция, маданий жана элдик прикладдык искусство жаатындагы инновациялык долбоорлордун бет ачар аземи өткөрүлөт.
Мындан тышкары, фестивалдын катышуучулары үчүн шаардын тарыхый-маданий объектилерине жана Ысык-Көлгө экскурсия уюштурулат.