Дастан Жумабеков: "Бул жыл бизге өтө оор жыл болгону турат"

Бүгүн, 1-июнда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Талас облусунда сугат суу көйгөйү жаралганын айтты.

"Талас районунан дагы сугат суу боюнча кайрылуулар көп болууда. Жаз кеч келгендиктенби же күн суук болгондуктанбы, тоодогу мөңгүлөр кеч эрип жатат. Буга байланыштуу дыйкандарыбыз кыйын абалда калууда. Айрыкча Талас облусунда мөмө-жемиштерди үшүк алып кетти. Дыйкандар төө буурчак жана башка мөмө-жемиштерди эгип алып, сугат суудан өтө кыйналып жатат. Суунун аздыгы табигый нерсе экен. Бирок бийлик тараптан сууну бөлүштүрүү боюнча график түзүп, өтө кылдат мамиле кылыш керек", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал эгер сугат сууну бөлүштүрүү көйгөйү чечилбесе, дыйкандардын ортосунда келишпестиктер орун алышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Жер-жемиштерин тигип коюп, суу тартыштыгынан улам алар өспөй жатат. Сугарайын десе суу жок. Бизе күнүнө жүздөгөн телефон чалуулар болууда. Мындан сырткары алган насыялары бар. Ал боюнча азыртадан баштап иш алып барып, дыйкандарга шарт түзүп бербесек, бул жыл бизге өтө оор жыл болгону турат. Кургакчылык болгону турат", - деди Жумабеков.

Жогорку Кеңеш 01.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан