Бириккен Араб Эмираттары жасалма жол менен жаан жаадыруу технологиясын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Белгилүү болгондой, бул инновациялык ыкма дрондор сыяктуу учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жүзөгө ашырылган.
Маалымдалгандай, дрондордун жардамы менен булуттарга электр кубаты жеткирилип, жыйынтыгында соккудан нымдуулук пайда болгон. Сыноолор чөлдө 50 градуска жакын температурада жүргүзүлгөнү белгиленди.
Ушул жылдын жазында БАЭ илимпоздорго жана изилдөөчүлөргө өлкөдө жаан-чачындын көлөмүн көбөйтүүгө жардам бере турган 5 миллион дирхам өлчөмүндө жаңы грантын жарыялады. Анын ээлери 2024-жылдын январында жарыяланат.
Жасалма жаан жаадыруу ыкмасын аталган өлкө буга чейин да жүзөгө ашырган.