Бүгүн, 1-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөттү ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Эл өкүлү ага суюлтулган газ ташыган ишкерлер кайрылып жатканын билдирди.
"Мага ишкерлер суюлтулган газ боюнча кайрылып жатышат. 1-июлдан тарта суюлтулган газдын литрине 3 сомдон акциздик салык киргизип жатыптыр. Ишкерлерге шарт түзүп бергендин ордуна, кайра салык киргизип жатабыз. Кымбатчылык болуп жатса, унаасына газ куюп айдап, такси кылгандар бар, үйүндө светти үнөмдөп, газ колдонгондор бар. Муну баары элге оор келет. Мунун айынан дагы кымбатчылык болот", - деди Икрамов.
Ошондой эле ал өкмөттү суюлтулган газга кошула турган акциздик салыкты алып салууга чакырды.