Америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген “Neuralink” нейротехнологиялык компаниясы адамдарга нейрочип колдонуп көрүү үчүн мамлекеттен уруксат алды. Бул тууралуу аталган компания өзүнүн социалдык баракчасында жарыялады.
“Биз адамдарга клиникалык изилдөө жүргүзүүгө уруксат алганыбызды кубануу менен бөлүшүп жатабыз. Биздин технология көптөгөн адамдарга жардам бере турган маанилүү биринчи кадам болуп саналат. Биздин клиникалык сыноо үчүн жумушка алуу азырынча ачык эмес. Бул тууралуу кененирээк маалыматты жакында жарыялайбыз!”, – деп жазылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин Илон Маск аталган чипти өзүнө колдонгон алгачкы ыктыярчы боло турганын жазган болчу.
Белгилей кетсек, “Link” деп аталган мээ импланты ой-жүгүртүүнү көзөмөлдөй алат. Мындан сырткары, бул чип аркылуу депрессия менен күрөшүүгө, мээнин ар кандай травмаларын дарылоого болот. Ошондой эле чиптин жардамын көзү көрбөгөн жана дүлөй адамдар дагы колдоно алышат.