Президент Эсептөө палатасы жөнүндөгү конституциялык мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" өлкөнүн конституциялык мыйзамына кол койду.

Маалым болгондой, конституциялык мыйзам ушул жылдын 4-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзам менен Эсептөө палатасынын укуктук статусу, укуктук негиздери жана ишинин принциптери аныкталат.

Ошол эле учурда ал бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышына, Эсептөө палатасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жана башка ресурстардын пайдаланылышына тышкы мамлекеттик аудитти жүргүзүү процессинде пайда болгон мамилелерди, ошондой эле Эсептөө палатасынын милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын жана ишин уюштурууну жөнгө салат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан