Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди (фото)

Бүгүн, 2-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Токаевди “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Буга чейин аталган иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель келгени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан