Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, Шарль Мишель 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.
Ошондой эле 3-июнда Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары башталат.