Баткенде япон технологиясы менен 42 продукция чыгаруу пландалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматкери Чолпон Бердикулова билдирди.
Маалымдалгандай, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Япониянын JICA агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жетектеген делегация менен жолугушту.
Анда тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш-чаралар планын талкуулашты.
Облус башчысы өз сөзүндө экономиканы өнүктүрүүдө өндүрүштү колдоо жана аны жолго коюу өзгөчө манилүү экенин белгилеп, өндүрүлгөн продукцияларды рынок шарттарына ыңгайлаштырып, экспорттук потенциалды жогорулатуу аракеттерин активдештирүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.
JICA агенттигинин “Бир айыл бир продукт” долбоорунун алкагында 2023-жыл ичинде 42 продукция чыгаруу пландаштырылды. Бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш.
Белгилей кетсек, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.
«Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында, тамак-аш, кол өнөрчүлүк жана косметикалык буюмдарды өндүрүү технологиялары өндүрүүчүлөргө үйрөтүлүп, аларга бизнес жаатында кеп-кеңеш берилип, товарларды сатууга жардам берүү иштери уюштурулуп келет.
Азыркы учурда Баткен облусунда «Бир айыл-бир продукт» долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар продукциянын 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты.
Алар: кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, сиробу, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор жана башкалар.
Андан сырткары, Баткен бренди болгон күрүч жана килем боюнча да маркетинг чаралары жүрүп жатат.