Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, аймактык жана эл аралык күн тартибинин артыкчылыктарын талкуулашты.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Өлкө лидерлери акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын макулдашуу боюнча азыркы учурга жетишилген натыйжага канааттануусун билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу улантууну жана өз ара сый-урматтын негизинде алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты.

"Мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы достук жана ынак коңшулук байланыштарды сактоонун маанилүүлүгүн ырастап, бардык пайда болгон маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан