Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммити башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, №2 мамлекеттик резиденциянын конгресс-холлуна кирердин алдында президент Садыр Жапаров делегация башчыларынын ар бирин тосуп алды.
"Кол алышуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин делегация башчылары Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу өтө турган жыйындар залына киришти", - деп айтылат билдирүүдө.