Орусияда жеке жактар болгон такси айдоочуларынын иштөө убактысы чектелди. Бул тууралуу өкмөт токтом чыгарганын ТАСС басылмасы жазды.
Тактап айтканда, эми Орусияда такси айдагандар күнүнө 12 саат гана иштей алышат. Жарлык 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана 2029-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.
"Жеке адамдын (такси айдоочусунун) нормалдуу иштөө убактысы календардык жумада 40 сааттан ашпоого тийиш", - деп айтылат Орусия өкмөтү жарыялаган документте.
Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасы такси айдоочуларын мамлекеттик деңгээлде аныктоону сунуштаганы маалымдалган. Анда квалификациялык талаптарды белгилөө жана бул кесипте иштегендердин эмгек жана социалдык укуктарын коргоо маселесин чечүү тапшырылган.