Ырчы Нурчолпонго полковниктин ыдык көрсөткөнү боюнча фактыны Башкы прокуратура иликтейт. Бул туурасында SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Сирожиддин Камолдинов билдирди.
Ал белгилегендей, учурда ырчынын социалдык тармактардагы билдирүүсү боюнча Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону текшерүү жүргүзүп жатат.
Эске сала кетсек, буга чейин ырчы Нурчолпон Улугбек кызы Коргоо министрлигинин полковниги тарабынан ыдык көрсөтүүгө кабылганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип чыккан.
Бул окуядан кийин Нурчолпон арыз жазып, полковник андан кечирим сураганын билдирген.