Таалатбек Масадыков эл аралык мамилелер боюнча француз делегациясы менен жолугушту

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков бүгүн, 6-июнда Франциянын Куралдуу күчтөр министрлигинин эл аралык мамилелер жана стратегия боюнча Башкы башкармалыгынын Европа, Түндүк Америка жана көп тараптуу аракеттер департаментинин директору Гийом Олланье менен жолугушту.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө потенциалдуу коркунучтарга жана тобокелдиктерге байланыштуу регионалдык коопсуздук боюнча, Ооганстандагы учурдагы кырдаалдын өрчүшү жана анын регионго тийгизген таасири боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле Борбор Азиядагы жана саясий-стратегиялык деңгээлде жалпы эле дүйнөдөгү кырдаал боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууга Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан