Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө бүгүн да киргизилет

Бишкек жана Чүйдө унаа кыймылына убактылуу чектөө бүгүн да киргизилет. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, “Манас” аэропорту, Фучик, Садырбаев көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас проспектилери маал-маалы менен жабылат.

Мындай чектөөлөр Катар эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга сапары менен байланыштуу. Ал биздин өлкөгө биринчи жолу мамлекеттик сапар менен кечээ, 6-июнда келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан