Бишкектин түштүк райондорунда түнкүсүн муздак суу өчүрүлүп турат

Бишкектин түштүк кичи райондорунда муздак суу түнкү саат 23:00дөн таңкы 06:00гө өчүрүлүп турат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, таза суу менен камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардын түштүк аймагына түнкүсүн ичүүчү сууну берүүнү убактылуу токтотот.

"Шаардын түштүк кичи райондорунда көп кабаттуу үйлөрдө, эртең мененки саат 23.00дөн 06.00гө чейин, Ынтымак жана Ала-Арча конуштарына таза суу берүү убактылуу токтотулат. Ал эми ооруканаларда ичүүчү суу өчүрүлбөйт", - деди мекемеден.

Эске салсак, кечээ, 6-июнда мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев сууну сарамжал колдонбогондорго бөгөт коюу максатында кошумча бааны кошууну карап жатканын айткан. Ал эми сууну үнөмдүү колдонгон жарандар 1-июнда жаңы киргизилген тариф боюнча төлөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан