"Турмушка чыгам". Дмитрий Биволдун мурдагы аялы күйөөсү менен ажырашуусун айтты

Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) жарым оор салмактагы чемпиону, Кыргызстанда төрөлгөн мушкер Дмитрий Биволдун аялы Екатерина Бивол өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу күйөөсү менен ажырашуусун айтты.

"Ал мени таштап кетти. Биз Дима менен эки ай мурун ажырашканбыз. Мен күйөөмдү коё бердим, кармагым келген жок. Бул менин жашоомдогу эң кайраттуу ишим. Бул мени сактап калды.

Мени ким камсыз кылат? Менимче, никеде болгондон кийин бардыгы тең экиге бөлүнөрү эч кимге жашыруун эмес. Димасыз мен кайгырбайм. Эмнеге көнүшүм керек? Дайыма жок дегенде алты ай жалгыз жүрдүм, акыркы бир жылда 10 ай көрүшпөй калдык, жалгыздыкка аябай көнүп калыптырмын. Кээде капаланам, бирок андан да жаман болот деп ойлочумун. Көрсө, мен ойлогондон алда канча күчтүү экенмин, өзүмө таң калдым.

Мунун баары кантип болгонун өзүм да түшүнбөйм, мамилени токтотуу үчүн эч кандай реалдуу себеп болгон жок. Мага бир жылдан кийин эсимде жоктой эле сезилет, анткени ал учур анчалык деле маанилүү эмес болчу. Жөн эле кандайдыр бир болбогон нерсе үчүн. Мен жакшы көргөн адамым менен бирге абдан оор, бирок ошол эле учурда ийгиликтүү 16 жыл жашадым. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Тагдырга ыраазымын.

Ал үйлөнсө эч кандай реакция кылбайм. Бактылуу болсун. Мен өзүм деле турмушка чыгам. Балдарыбызды бокска беремби? Жок, эч качан", - деп жазды Екатерина Бивол.

Дмитрий менен Екатерина Бивол экөө тең 16 жашында Санкт-Петербургдун аэропортунан таанышышкан. Жубайлар Мирон жана Никон аттуу эки уулдуу болушкан.

Ушул жылдын апрель айында Екатерина Бивол жолдошу экөө эки ажырым жолго түшкөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан