Финляндияда автоунаасын жогорку ылдамдыкта айдаган айдоочуга 121 миң евро айып пул салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 76 жаштагы ишкер Андерс Виклёф автоунаасын саатына нормадан 32 чакырым ылдамдыкта ашыра айдаган. Ал эми укук коргоо органдары бул ишкердин үчүнчү мыйзам бузуусу экенин эске алып, айдоочуга 121 миң евро (11 миллион 253 миң сом) айып пул жана 10 күн айдоочулук күбөлүгүн колдонууга тыюу салган.
Муну менен Финляндия дүйнөдөгү эң ири айып пул салган экинчи өлкө болду. Буга чейин Швейцарияда саатына 290 чакырым ылдамдык менен айдаган айдоочуга 1,1 миллион евро айып пул салынган болчу.
Эске салсак, Финляндия өлкөсүндө айып пул кылмыштын оордугуна жана жарандардын кирешесине жараша салынат. Андерс Виклёфке салынган айып пул дагы ишкердин бир жумалык кирешесине негизделген.