Өлкөдө аптаптуу ысык үч күнгө созулат. Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратып, 7-июндан 9на чейин абанын температурасын көтөрүлө турганын билдирген. Мындан улам SUPER.KG порталы аптаптуу ысык күндөрү кызматкерлердин иш графигинде жеңилдиктер каралабы? деген суроо менен ӨКМга кайрылып көрдүк.
"Эгерде абанын температурасы 5 күн катары менен 40 градустан түшпөсө, анда өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өлкөдөгү кызматкерлердин иш күнүн кыскартуу боюнча атайын сунуш берилет. Бирок бул ирет андай болбойт. Анткени, аптаптуу ысык 3 эле күнгө созулат" - деп билдиришти мекемеден.
SUPER.KG порталы ӨКМ сунуштаган аптаптан сактануу жолдорун эскертет:
- күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң;
- өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;
- кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организимге пайдалуу;
- ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;
- сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;
- сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;
- сунушталбаган, тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.
Туура тамактануу
- тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;
- жашылчаларды-жемиштерди жана мөмөлөрдү агын сууга жакшылап жууп жеңиз;
- ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз;
- жер үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо зарыл. Анткени аптап патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүп, жугушту ичеги-карын оорулары көбөйөт;
- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоо, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктарды сактоо мөөнөтүн жана сактоо шарттарын сактаңыз;
- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2 - +8 градус температурада гана сактоону эсиңизге тутуңуз.