"Күндүн табы 40 градуска көтөрүлөт". 8-июнга карата аба ырайы 

Эртең, 8-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Буга чейин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-9-июнь күндөрү абанын көрсөткүчү көтөрүлө турганын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан