Катардын эмири Садыр Жапаров менен чогуу "Ала-Арчага" барды (фото) 

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров менен Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, өлкө башчыларын жаратылыш паркында төкмө акындар, “Алп” баатырлар жана “Аталар изи” аттуу улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясынан президенттер көчмөн элдин өзгөчөлүгү чагылдырылган боз үйлөрдүн инсталляцияларында кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлөрдүн устаканаларда буюм-тайым жасап жаткандары менен таанышып, кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам татышты.

Этномаданий программанын алкагында меймандарга «Аталар изи» кыргыз улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү тартууланып, бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда «салбуурун» салттуу мергенчилигинин элементтери көрсөтүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчылары Ч.Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин коллективинин аткаруусунда түрдүү жанрдагы чыгармаларды, эки өлкөнүн музыкаларын угушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан