Мектеп окуучуларына бирдиктүү форма кийгизүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунда айтты.
Эл өкүлүнүн пикиринде, мындай кадам окуучулар арасында теңдик болуусун шарттайт.
"Биз мектепте бардыгыбыз окшош "форма, фартук" киет элек. Бирдиктүү форманы ата-энелер бир жолу алып бере алат да. Таптакыр мүмкүнчүлүгү жокторго өкмөт деле көмөктөшөт. Мектептерге бирдиктүү форманы киргизиш керек. Биз балдарыбызды тең кылып өстүрүшүбүз керек. Болбосо, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарында "башкалардыкындай түрдүү кийимим жок" деген ой болуп, психологиялык жактан басынат. Бул анын окуусуна да кедергесин тийгизбей койбойт", - деди Ашимова.
Ошондой эле ал бул багытта жакын арада мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгарын кошумчалады.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>