Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.
"Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда",- деп айтылат маалыматта.
Форумда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болору кошумчаланды.