Депутат кесиптештеринен "жылаңачтардын" видеосун каяктан таап көрүп жатканын сурады

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун вице-спикер Жамиля Исаева демилгелеген. Ал өспүрүмдөр турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан улам компьютер оюндары, социалдык тармактар аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирленип жатканын белгиледи.

Депутат Дастан Бекешев балдарга жаман менен жакшы маалыматты ажыратып көрсөтүү милициянын эмес, ата-эненин иши экенин билдирди. Эл өкүлү мыйзамды ишке ашырууда так механизмдер жок экенин белгилеп, мындай демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Ал эми Шайлообек Атазов мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп бериш керек деген пикирин билдирди. Эл өкүлү жаш балдардын психологиясын бузуп, терс таасир берүүчү материалдарды тараткандарга чара көрүү керектигин кошумчалады. Анын пикирин бир катар депутаттар кубаттады.

Эл өкүлү Жанар Акаев мыйзам менен тыюу салуу жакшы эмес экенин белгилеп, анын ордуна альтернатива сунуштоо зарыл экенин айтты. Ал 6-чакырылышта дагы "тыюу салыш керек" деген мыйзамдар көп кабыл алынганын, алардын тескерисинче кесепети тийгенин белгиледи.

"Улуттук баалуулуктар, эл-журттун, балдардын келечеги үчүн биз дагы макулбуз. Бирок ушинтип акырындык менен ар бир нерсеге тыюу сала берген жакшы эмес. Бир нерсеге тыюу салдыкпы, ордуна башка бир нерсе сунуштайлы. Балдардын сүйүктүү "Керемет көч" деген программасы бар эле. Ютубда миллиондон ашык адам көрчү. Анда эмнеге ага акча бөлүп койгон жоксуңар? Ушул жердеги бир дагы депутат улуттук баалуулуктарды сактайлы, 3 миллион сом бөлүп коёлу деп көтөргөн эмес да", - деди Акаев.

Ошондой эле ал "интернеттен уят видеолор чыгат, аларды тыйыш керек" деген кесиптештеринин андай видеолорду каяктан таап көрүп жатканына кызыкты.

"Жамиля Исаева балдардын көз карашын терс жакка бурган видеолор чыкпасын деп жатса керек. Анын баарын колдойбуз, ал жөнүндө сөз жок. Бирок биз тыйыш керек деп эле мораль окуй бергенди токтотушубуз зарыл. Баланын тарбиясы үчүн биринчи кезекте ата-эне бар да, баарыбыз эле үйдө "аны көрбө, муну көрбө" дейбиз. Анан "Тик-Токтогу" жылаңачтарды кантип издеп таап көрүп жатасыңар, билбейм. Тыйыш керек дегендер, ошолорду каяктан көрүп жатасыңар?" - деп суроо салды Акаев.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам кабыл алынса, балдардын ден соолугуна зыян келтирген (зордук-зомбулук, баңгизат, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү) маалыматтарды тараткандарга, кылмыштын курамы жок болгон учурда жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып пул салынат. Ал эми андай маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жарыяланса 5 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салынат.

Жогорку Кеңеш 07.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан