Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарынын жүрүшүндө Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту.
Мининстрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, өнөр жай, транспорт-логистика, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-орус кызматташтыгын кеңейтүү боюнча пикир алышты.
"Акылбек Жапаров М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин, Жогорку Экономика мектебинин филиалдарын Кыргызстандын аймагында, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз-Орус агрардык технологиялар жана биомедицина институтун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин базасында ачууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.