Сочиде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын тар курамдагы жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын күн тартибинде эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу 10 тармактын маселелери каралды.

"Өкмөт башчылар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин климаттык күн тартибинин алкагында кызматташуу боюнча Биринчи чаралар пакетинин (“Жол картасы”) аткарылышы боюнча отчётту угушту. Ошондой эле Орусиянын демилгесин кароонун жыйынтыгында Евразия экономикалык комиссиясына мүчө-мамлекеттер менен биргеликте Евразиялык рейтингдик агенттикти түзүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында мурда кабыл алынган тапшырмаларды жана макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири талкуулашты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын август айында Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан