Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон бир туугандар аман-эсен табылды. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши билдирди.
Буга чейин облустук милиция бир туугандардын жакындарынын кайрылуусунан улам аларга издөө жарыяланган.
Анда 13 жаштагы Айсезим Арзыматова жана 3 жаштагы Алинур Арзыматов 4-июнда Ново-Павловка айылында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган болчу.