Дастанбек Жумабеков: "Суу боюнча көйгөйдүн жаралышына себепчи болгон жетекчилерге чара көрүлүшү керек"

Суу боюнча көйгөйдүн жаралышына себепчи болгон жетекчилерге чара көрүлүшү керек. Бул тууралуу депутат Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтып чыкты.

"Кышында ыш менен күрөшүп чыктык. Эмне кылабыз деп жатып, эптеп жазга, жайга келдик. Эми таза суу көйгөйү чыгып калды. Муну алдын ала жетекчилер билиш керек эле. Даярдыктарды көрүш керек болчу. Эми болсо жетекчилер эл менен жолугуп, муну табиятка шилтеп коюп отурганы болбогон нерсе. Эл ошон үчүн нааразы болуп, жолдорду тосуп жатат. Пландуу иштерге 1-2 жыл мурун аракет жасап, элге жакшы шарт түзүп бериш керек. Эми 21-кылымда суунун башында туруп, Бишкек шаары жана башка шаарлар суусуз калса бул уят эле нерсе", - деди депутат.

Жумабеков бул маселени президентке жеткирип, кемчиликтерди кетирип, элге тиешелүү шарттарды түзө албаган жетекчилерге тез арада чара көрүүнү сунуштады.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан