Балбак Түлөбаев: "Бишкек суусу жок отурса, мэр Сочиде жүрөт"

"Бишкек суусу жок отурса, мэр Сочиде жүрөт", - деди Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн, 8-июнда парламенттин кезектеги жыйынында.

"Мэрлерди алмаштырып жатып, келген мэр эмне көйгөй бар экенин билгенге чейин кайра алмаштырып жатат. Жок дегенде виц-мэрлерди алмаштырбай койбойсуңарбы, ошолор иштесин. Алар билет да кандай иштеш керек экенин, мэрге жардамчы болот да. Бишкекте минтип суу жок, Арча-Бешикте ызы-чуу болуп жатса, мэр Сочиде жүрөт. Элди караш керек да", - деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, учурда Жогорку Кеңеште Бишкек шаарында жаралган таза суу көйгөйү боюнча маселе каралып жатат. Анда вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатат.

Жогорку Кеңеш 08.06.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан