Вице-мэрди резинка өтүк кийгизип, суунун башына айдоо сунушу айтылды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 8-июндагы жыйынында эл өкүлү Кундузбек Сулайманов көтөрүп чыкты.
"Жанатан бери байкасаңыздар вице-мэрдин жообу кайра-кайра кайталанып жатат. Азыр бул жерде салкында жыргап отурат, бир сөздү 10 жолу кайталап коюп. Муну "бар сууну чыгар" деп резинка өтүк кийгизип, ысыкта кайра ошол жакка айдаш керек. Менин сунушум суроолорду кыскартып, иштетпейлиби, бул жерде отурганда эмне? Мэр өзү да Сочиде экен, кол коё турган иштери болсо керек. Биздин тармактык комитеттерден кошуп, бүт керектүү кызматкерлердин баарын суунун башына айдаш керек", - деди эл өкүлү.