Бишкектеги суу көйгөйүн чечүү үчүн канча акча керектиги айтылды

Эгер суу кампа курууга үч жер тилке бөлүнүп, быйылкы бюджеттен каражат берилсе, эмки жылы суу тартыштыгы жаралбайт. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында Бишкекте Баш-Кара-Суу суу тосмосунун жанынан төрт гектар жер, "Сельский" суу тосмосунун жанынан 3 гектар жер, "Контррезервуар" суу тосмосунун жанынан 4 гектар жер керек экенин айтты. Бир суу кампа курууга болжол менен 150 миллиондой сом сарпталат, жалпысынан 500 миллионго жакын сом талап кылынат.

Ал айтылган шарттар аткарылса бир жылдын ичинде көйгөй толугу менен чечилерине вице-мэр катары кепилдик берди.

Вице-мэр белгилегендей, ошондо гана Арча-Бешик конушу тарапка өзүнчө кампадан суу берилип каларын кошумчалады.

Эске салсак, өткөн жумада борбордо суунун тартыштыгынан улам көп көлөмдөгү суу керектелген жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер убактылуу жабылган. Мындан тышкары бир канча конушка суу берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Борбордун мэриясы 5-июнда жарандарды сууну үнөмдөп колдонууга чакырган билдирүү тараткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан