Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Асман шаарына сарпталчу каражатты Бишкек шаарына жумшоого чакырды.
"Бишкекти туташ проблема каптады. Маселени чечүү үчүн каражат жана саясий эрк керек. Борбор калаада жайында суу жок, кышында смог, коомдук транспорт эскирди, жолдорубуз тыгын, жаңы конуштарыбыздагы абалыбыз абдан начар, мектеп менен бала бакча жетишпейт. Таштандыны кайра иштетүүчү ишкана үчүн инвесторлордон канча каражат келди. Бирок жыйынтык жок. Эгерде мына ушундай жол менен кетсек, анда Бишкегибиз чоң айыл болуп калат. Биз мына ошого бара жатабыз", - деди Акаев.
Депутат чоң акчалар болбогон долбоорлорго жумшалып жатканына нааразычылыгын айтты.
"5 миллиард сом жөн эле асманга сапырылды. "Улуу көчмөндөр мурасы" деп түзүп жөн эле 3 миллиард сом бердиңер. "Кыргыз индустрия" деп 1 миллиард сом бердиңер. Ошол акчанын баарын ишканаларга берсе болот эле. Мына ушинтип акчанын баары кетип жатат да. Эми Асман шаарын курабыз деп, ошончо миллиарддаган акчаны ал жакка жумшаганы жатабыз. Асман шаарын коё туруп, ага кетчү акчага Бишкегибизди тыпыйтып оңдоп албайлыбы!? Жаңы долбоорлорго кете турган каржынын баарын Бишкекке жумшагыла", - деп белгиледи эл өкүлү.
Ошондой эле ал борбор калаадагы көйгөйлөрдү чечүүнүн дагы бир жолу катары шаар мэрин эл шайлашы керектигин кошумчалады.