Эртең, 9-июнь өлкөнүн айрым аймактарында аба ырайынын температурасы +40 градуска чейин ысык болушу күтүлөт. Буга байланыштуу аптаптуу ысыкта жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдар кантип сактанышы керек деген суроо менен жогорку категориядагы врач-кардиолог, саламаттык сактоонун отличниги Памирбек Абдыбаповго кайрылдык.
Дарыгердин айтымында, аба ырайынын температурасынын кескин көтөрүлүшү өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорусу барларга өтө коркунучтуу.
"Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар арбын. Анткени жерден канчалык бийиктеген сайын кычкылтек азайып, жүрөккө күч келет. Аталган ооруга: кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөктүн ишемиялык оорусу, жүрөктүн тубаса кемтиги кирет. Оору кан айлануу менен байланыштуу болгондуктан, күндүн катуу ысып кетиши аталган дарт менен жабыркагандарга терс таасирин тийгизет", - деди Абдыбапов.
Дарыгер жүрөк-кан тамыры менен ооруган жарандарга жай мезгилинде төмөнкү кеңештерди сунуштайт:
"Кээ бир кишилер өзүнө күч-кубат алыш үчүн түрдүү зыяндуу адаттарга (энергетикалык ичимдиктерди ичүү, тамеки тартуу) кабылат. Тамеки тартуу - жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын пайда кылууда негизги факторлордун бири. Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын алдын алууда жашка жана ден соолуктун абалына ылайык дайыма кыймыл аракетте болуу өтө маанилүү. Дайыма кыймылда болуу, машыгуу бардык ооруларга "дары" болбосо да, көп оорулардан сактайт. Ашкере өз алдынча машыгуу, көзөмөлсүз кыймыл-аракет ден соолукка зыян келтирип, жүрөк кан тамыр оорусун күчөтөт", - деди дарыгер.
Күндүн аптаптуу ысыгында көчөдө, коомдук унааларда кан басымы көтөрүлүп же түшүп, эс-учун жоготуп кулаган адамдарга эң алгач эле муздак суу берип же бетине, көкүрөгүнө суу чачыш керек. Ошондой эле эс-учун жоготкон адамды ыңгайлуу жерге отургузуу же жаткыруу зарыл.