Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевди "төңкөрүш болсо депутаттар качып кетет" деп айтканы үчүн зекиди.
Вице-спикер тармактык комитетте "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда Абыкеев өлкөдө бир нерсе болуп кетсе депутаттар качып кетерин айтып, мындайда курултайчылар чогуларын билдиргенин эске салды.
"Өткөндө сиз айтыптырыз. Мен байкабай, башка бирөөнү айтып, аны залдан чыгарып ийиптирбиз. Депутаттар каякта качып жүрдү эле, жооп берип коюңузчу?" деди Сыдыгалиев.
Ал эми Абыкеев андай сөздү айтпаганын билдирди.
Мындан улам вице-спикер Чолпонбек Абыкеев калп айтып жатканын айтып, президенттин жанында калпычы эмес, чындыкты бетке айткандар болушу керектигин белгиледи.
"Президенттин жанында алдамчы, калпычы кишилер жүрбөшү керек. Анын жанында чындыкты бетке айткан адамдар жүрүшү зарыл. Сиз ушул жерде калп айтып отурасыз. 4-октябрда өзүңүз каякта жүрдүңүз эле? Сиз качып кетти деген 6-чакырылыштын депутаттары да ушул жерде отурат, бетине айтыңызчы.
Айта албасаңыз мен айтып коёюн, башаламандыктан кийин 5-октябрда сүйлөшүүлөр жүрүп, 6-октябрда "Достук" мейманканасына чогулуп спикер Дастан Жумабеков арызын жазып кетип Мыктыбек Абдылдаевди шайлаганбыз.
Ошол кездеги премьер-министрдин арызын кабыл алып, Садыр Нургожоевичти премьер-министр кылып бекитип бергенбиз. Депутаттар бир ай жок болуп кетти" деп ошондогу чечимдердин баары мыйзамсыз болду деп жатасызбы ошондо? Ар бир сөздү ойлонуп сүйлөш керек. Биз шайлап берген үчүн иштеп келе жатат", - деди вице-спикер.