КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны 27-октябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Сочиде өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалым болгондой, төрагалык кылуунун алкагында 12-13-октябрда Кыргызстандын аймагында Тышкы иштер министрлер кеңешинин, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйындары жана КМШнын тармактык органдарынын жыйындары өтмөкчү.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров учурда Сочи шаарында иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда.