Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында мамлекет башчы Эл аралык Астана форумунун ишине катышып, сөз сүйлөдү. Ошондой эле модератор Ричард Квесттин бүткүл региондун экономикалык жана экологиялык дивиденддерин алуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн кооперациясынын артыкчылыктары жөнүндө суроосуна жооп берди.

Мындан тышкары Эл аралык Астана форумунун алкагында Садыр Жапаров Босния жана Герцеговинанын президиумунун төрайымы Желька Цвиянович менен жолугушту.

"Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги, бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча чаралар тууралуу баарлашты. Садыр Жапаров менен Желька Цвиянович мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бири-бирин өз өлкөсүнө сапар менен келүүгө чакырышты", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы бүгүн, 8-июнда Бишкекке кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан