Балыкчы шаарына Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарыш керек. Мындай пикирди бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев айтты.
Парламентте Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) шейхи Заид бин Султан Аль Нахаяндын ысымын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жаткан.
"Мөңгүгө атын берип жатыпсыздар. Мен былтыртадан бери Балыкчы шаарын Жусуп Абдрахамановдун атына которуп коёлу десем, министрлик тарабынан бүгүнкүгө чейин бир аракет болгон жок. Анан бүгүн ушундай иш болуп жатканы бир чети өкүндүрөт", - деди Сарбагышев.