Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Сочи шаарында КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы кезектеги жыйыны болду.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын күн тартибинде 3 негизги маселе аныкталып, аларды кароонун жүрүшүндө КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
"Андан ары КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны кеңири форматта уланып, анда КМШ алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Кызмат көрсөтүүлөрдү эркин соодалоо, түзүү, иштетүү жана инвестициялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Жыйындын алкагындагы дагы бир маанилүү документ, "Радиациялык мониторингдин маалыматтарын алмашуу" боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндөгү макулдашуу болду.
Ошондой эле өнөр жай кооперациясы, маданий-гуманитардык тармак, каржы жана кадр маселелери боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Мындан тышкары, КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинде майыптыгы бар балдар арасында КМШ өлкөлөрүнүн спартакиадасы жөнүндө жобо бекитилди.
Жыйын соңунда жакынкы үч жылга КМШнын жаштар борборун жарыялоо чечими кабыл алынды:
- 2024-жылы бул статус Өзбекстандын Ташкент шаарына;
- 2025-жылы - Азербайжандын Габала шаарына;
- 2026-жылы - Армениянын Капан шаарына берилет.