Өлкө башчы Садыр Жапаров 8-июнда өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Кыргызстан ЮНЕСКО менен кызматташууга, тактап айтканда, билим берүү жана илим жаатындагы эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө зор маани берерин белгиледи.
"Садыр Жапаров улуттук креативдүү индустрияны өнүктүрүүдө, биринчи кезекте Борбор Азияда технологияларды жана санариптик инновацияларды колдонуу боюнча аймактык демилгелердин алкагында ЮНЕСКОнун көмөгүнө үмүт артарын айтты.
Жолугушуунун соңунда Одрэ Азуле президентке манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды", - деп айтылат маалыматта.