Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында "Росатом" атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин, анын ичинде уран калдыктарын рекультивациялоону, аз кубаттуу атомдук электр станцияларын жана өзөктүк медицинаны талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын ортосунда Саламаттыкты сактоо тармагында энергетикалык эмес атомдук технологияларды колдонуу жөнүндө кызматташуунун өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
"Меморандумга ылайык, бул документ Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык долбоорлорду биргелешип өнүктүрүүгө багытталган. Атап айтканда, Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында онкологиялык жана башка ооруларды диагностикалоонун жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары колдонула турган радиофармацевтикалык дарыкана жана молекулярдык визуализация борбору түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.