Алтынбек Кубатбеков БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Жогорку Кеңештин 8-июндагы жыйынында Алтынбек Кубатбеков Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Анын талапкерлиги “Мекенчил” депутаттык тобу тарабынан көрсөтүлгөн.

Тармактык комитеттин кароосунда "Элдик" депутаттык тобу менен "Ынтымак" фракциясы бирден талапкер көрсөткөн. Жыйын маалында сүйлөшүүлөрдөн кийин эки талапкерди тең артка чакыртып алышканы маалым болду.

Жыйынтыгында Алтынбек Кубатбековдун талапкерлиги колдоо таап, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан