Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Куба Республикасынын премьер-министри Мануэль Марреро Круз менен жолугушту.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөр, саламаттыкты сактоо жана туризм тармагындагы кызматташуунун бир катар келечектүү багыттарын белгилешти.
Акылбек Жапаров эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн кеңири чөйрөдө, өзгөчө соода-экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, ал фармацевтика тармагындагы кызматташуунун келечегине токтолуп, кесиптешине учурда эл аралык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен өнөктөштүк мамилелерди түзүү стадиясында турган “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусу үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Кубанын өкмөт башчысы баардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирип, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарылдыгын белгиледи.
Ал медицина, фармацевтика жана туризм тармагындагы кызматташтыктын перспективалары тууралуу пикирин билдирди.