Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында, “Келечектин Евразиясы: чакырыктардан чечимдерге” III Евразия конгрессинин пленардык жыйынына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, ал өз сөзүндө долбоорлорду каржылоо үчүн каражаттарды кеңейтүүнүн, өнөр жай, энергетика, жашыл экономика жана айыл чарба тармагында өздөрүнүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий платформаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жапаров мындан сырткары, Евразия экономикалык биримдикте интеграциялык кызматташтыктын узак мөөнөттүү келечектүү багыттарын иштеп чыгуу башталганын кошумчалады.