Акылбек Жапаров Владимир Путин менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына болгон иш сапарынын алкагында, КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен бирге Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Акылбек Жапаров жолугушуунун жүрүшүндө орус президентине өлкө башчы Садыр Жапаровдун куттуктоо сөздөрүн жана каалоо-тилектерин жолдоду.

Ошондой эле ал Кыргызстандын өз ара соода жүргүзүү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү жана соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу боюнча биргелешкен чараларды мындан ары күчөтүүгө, КМШ ишмердүүлүгүнүн мындан аркы өнүгүшүнө, шериктештиктин аймагында интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө салым кошууга даяр экенин билдирди.

"Өз кезегинде Владимир Путин ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттеринин экономикасын өнүктүрүүдө соода байланыштарын кеңейтүү жана жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан