9-июнга караган түнү Бишкектеги Матросов көчөсүндө жайгашкан кампалардан чыккан ири өрт эки күн дегенде толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 10-июнда саат 23:55те толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоо чалган аянт болжол менен 3800 чарчы метрди түзгөн. Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.
"Өрттү өчүрүүгө түнкү ӨКМдан жалпы 10 (унаа) күжүрмөн эсеп тартылган. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Штаб тартылган. Мындан сырткары жеринде ИИМден 3 экипаж, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, "Тазалык" ишканасынан Суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар (моющие средства), боёктор, атырлар, унаа дөңгөлөктөрү жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калган. Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон, 200 литрлик 12 челектеги трансформатор майы ыкчам түрдө коопсуз жайга чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатканы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 9-июнга караган түнү борбор калаадагы Матросов көчөсүнүн 1А (СырБаза) дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыкканы кабарланган.