Бишкектин Матросов көчөсүнүн 1А (СырБаза) дарегинде жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө түнкү саат 01:39дан тарта ӨКМдан жалпы 10 (унаа) күжүрмөн эсеп тартылды. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 топ, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, Штаб тартылды.
"Мындан тышкары жеринде ИИМден 3 экипаж, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Тазалык ишканасынан суу ташуучу унаа тартылды.Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 чарчы метрди түзөт", - деди мекемеден.
Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган тазалоочу каражаттар жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды. Ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон ыкчам түрдө чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду.
Акыркы маалыматтарга таянсак, учурда өрт толугу менен өчүрүлүп бүтө элек. Өрт кырсыгы адам өмүрүнө эч кандай коркунуч жараткан эмес.