Кой-Таштагы аскердик бөлүктө жоокер октон жараат алган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-июнда Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде катардагы жоокер курал-жарак сакталуучу жайдын ичинде АКС-74 куралы менен өзүнүн көкүрөк тушуна ок чыгарганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Аталган факты боюнча 7-июнда Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү аскер бөлүктүн батальонунун штаб башчысы У.Т. шектүү катары кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.
"8-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук тергөө судьясынын алдында шектүүгө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүч козголгон. Биринчи май райондук тергөө судьясынын токтомунун негизинде У.Т.га карата үй камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Эске салсак, 6-июнда Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан №73 809 аскер бөлүгүнүн жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, октон жаракат алганы кабарланган.