Чүйдүн Луговое айылындагы массалык мушташ боюнча милиция маалымат берди

Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Чүй облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнда саат 21:30да Луговое айылындагы "Миг" деген дүкөндүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды себепсиз сабашкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Шектүү катары 1992-жылы туулган К.Ж. аттуу Ленин айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабыр тарткан адамдын абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Буга чейин айрым басылмалар Луговое айылында жергиликтүү тургундардын бири экинчисин сабап салганын, андан соң жаңжалга алардын тааныштары да кошулуп кетишкенин жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан