Аламүдүн районунун Луговое айылындагы бейбаштык окуясы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 10-июнь күнү саат 21:30 чамасында Луговое айылындагы "Миг" дүкөнүнүн жанында белгисиз адамдар 1994-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды эч себепсиз сабап кетишкен. Сабалган жаран мыйзам чегинде чара көрүү боюнча арыз менен Аламүдүн РИИБге кайрылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында бул кылмышка шектүү катары Ленинское айылынын тургуну 1992-жылы туулган
К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга
киргизилген болчу.
Тергөөнүн жүрүшүндө 11-июнь күнү бул кылмышка шектүү катары экинчи жаран, Ленинское айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.